MinuraIskenderkyzy
Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from MinuraIskenderkyzy, Beauty, cosmetic & personal care, Osh.
01/07/2024
Кош келдин июль айы бөөдө кырсык, табигаттын айттырбай келген сыноолордон өзүң сактай көр жаратканым! 🤲🤲🤲
Салам достор.
Акылбек Жапаров ар бир окуучуга бирден ноутбук алып берүү боюнча ойун айтыптыр ким укту ал жаңылыкты?
Тойдогу сүрөттөрдөн бир элес кылып видео жасап көрдүм #той #окулата #окулэне #свадьба #бактылуукозирмемдер #ошкыргызстан
Айылдын керемет учуру!
Кечки күз, берекелүү күз!
Тойдун сезону, бактылуу көз ирмемдер
#айыл #алайкуу #коозжерлер #керемет #кыргызстан🇰🇬 #бала
17/09/2022
Турмуш сапарына аттанганыма 8 жыл болду!
20 жашымда биринчи турмуш жолуна аттанганмын.
23 жашымда экинчи жолу турмушка чыктым.
Кудайыма чексиз шүгүр айтамын.
Экинчи турмушта баары жагы жакшы жакшы үй бүлөөгө келин болдум. Биринчи күйөөгө салыштырмалуу более менее 🙃 мүнөзү шайыр, ар дайым күлүп жүргөн жакшы адам менен 8 жыл өмүр сүрдүм.
Жашоодо ар кандай сыноолор, тоскоолдуктар болот.
Ошонун ар бирин басып өтүү менен адам чыйралат экен. Жашоону кабыл алуу мен үчүн өтө кыйын болду. Көп кыйынчылыкты бала чагымдан көрүп үй бүлөөлук мамиле кандай болот деп эч ойлобогонумдун себебин мен азыр 32 жашка келип эми түшүнүп жаткандаймын.
Эмне үчүн 32 жашка жакындап калганда түшүнүп жатканымдын себеби үйдөгү алган тарбия эненин ролу чоң таасир берээрин, мен мына окуу артынан окуу менен болуп жатып, психолог коуч, ар терапевт, канчалаган мыкты инсандардын асыл сөздөрүн укпайын, канча таасирдүү видео көрбөйүн, баары эненин колунда экенин мына бүгүн түшүндүм.
Адамды кыйнап, азап тозокко салып өзүнөн озунчоле жаман нерсени эстеп, жүрөккө жакын кабыл алган жаман бир сапат бар экен ал - Напсы
Биз адам баласы напсыны жеңип, элпек, адамдын ичи койнуна кирип, ар багытта өзгөрүп туруу бул жашоонун мыйзамы экенин эми аңдап жеттим.
18/06/2022
Жаңы катталуучуларым кош келиңиз менин пайдалуу баракчама🤗.
Ар бир катталуучум мененен таанышкым келет.😇
Коментарийге өзүңүздү тааныштырып кетиңиз.💐
Мен дагы өзүм жөнүндө айтып берейин.
Атым Минура, буйурса күздө 32 жашка чыгам.
2 уул, 1 кызым бар. Уулум Нурислам 8 жашта, кызым Нурсезим 4 жашта, кичине уулум Нураалым 1,5 жашта.
Специм англис тилчи.
1 жыл специм менен 2 мектепте иштедим. Декреттен декретке чыга берип өз ордун калбай калганда китепканачы болуп 3 жыл иштедим.
Үчүнчү уулум боюмда барда Алое Вера Форевер компаниясына туш болдум.(1.01.2020)
Өзүмдү изденүү жолуна түштүм, иштөө үчүн билим керек, Смм таргет, инфобизнес, прогрев боюнча заманбап окууларды окудум.
Компанияда иштөө үчүн айыл арасында түшүнүк жок болгондуктан бир эки айтасың, дальше айтып тушундуройун десең акчага келип такалат, алгысы эле келет продукциядан.
Ойлонуп карап көрсөм айылда өнүгүп өсүү кыйын деген ойдо өзүм онлайн аркылуу окуп онлайн иштөөнү туура көрдүм..
Таргет кетирип клиенттер келип, контакт менен иштеп аз да болсо 2- 3 адам жазып портнерлор келе баштады.
Онлайн иштеп, бала менен, үйдөгү бүтпөгөн жумуштарды бүтүргөнгө телефондон иштей баштадым.
Окуган сайын түшүнүктөр кеңейип, тренер коуч, психолог, арт терапевтерден, нейрографика чийип өзүмдөгү катылган нерв установкалар менен иштеп аз да болсо жашоомо сонун өзгөрүүлөрдү киргизип окуу жана окуу менен күнүм өтүп жатат.
Ар бир инсандан өзгөчө мотивация алып түрдүү билимдерди окуп, өзүмдү изденүү менен алекмин.
Ичимде гана кайнап турган дарт арзуумду инстаграм аркылуу бөлүшуу менен сториске төгө баштадым.
Бирок ичимдеги катылган таланттар чыга элек, кыскасы өзүмдү таба элекмин.
Жүрөгүмө жаккан жумушумду улантайын деп ар түрдүү психологдордон таалим алып жатам.
Буйурса өзүмдү табуу аз калды деп ойлойм.
22/05/2022
Продукция от Алое Вера бренд.
Убакыт учкан куш!
Мен бир кезде жалгыз кыз болсом азыр бактылуу эне үч баланын сүйүктүү энесимин. Жашоомо ыраазымын бешенеме кандай гана кыйынчылык сыноолор берилген болсо мен анын баарын көрдүм өттүм, жашоом ар түрдүү кырдаал менен коштолду.
Жаш чагымдан өтө көп кыйынчылык көрдүм. Көп нерсени өз апамдан укпаса да барган жеримден көрүп өстүм. Мен өзү бир калыпта журбогонумдун себеби да ушул болсо керек. Ар жерден ар туркун адамдар менен көп нерсе көрдүм, үйрөндүм билдим.
Мен буларды эмнеге жазып атам. 🤔
Билесизби мен ар бир пост жазганымда жашоомдо болуп өткөн окуяларды чагылдырам и ал адамга айталбаган сөзүмдү бурмалап башка жактарга жазып бөлүшүп ичимдеги Арман дартымы инстаграмдагы дос чар тууган уруктарга бөлүшүүнү адат кылдым.
Башта бөлүшүү ичимдеги арманымды жашып отура берчү эмес элем.
🤫Бирок ийгиликтүү адамдар болобу же артист, куудул болобу айтор өзүнүн жакшы жагын айтып бөлүшүп жазган и видео жасап чыккандарды көрүп таң калчу элем. Эмнеге көпчүлүккө айтып өздөрүн жар салып неге эле чыга беришет деп ойлойт элем. Комментге да өзүңдү жарыялабай башка дагы жазып чыкчу деп жазчумун.
Көрсө менде билим жок, кругозор мышления өтө башкача болгон экен.
Эми болсо баары башкача боло баштады.
Кантип өзгөрүлдү кандай сонун сабакты окуду деп ойлойсуз?
Уландысы кийинки посто👆👆
23/04/2022
Үйдө отурган келин, жана пенсиядагы апаларга саякатты жакшы көргөн, и өзүн сүйгөн айымдарга менде эң сонун техника жана үйрөтө турчу фишкалар менен бөлүшөм,
Жашоо нугун бир аз башкача өткөрүүнү каалаган айымдарга, жана күнүмдүк тиргилик менен эле күнү өткөн айымдарга менде сонун фишкалар бар👆 и нейрографика чийип өзүбүздү алаксытуу үчүн эң сонун маалыматтар менен бөлүшөм!
Тезинен каттал менин баракчама и кеңири маалымат алам деп кызыккандар үчүн 🤳 личкага же Ватсаптан жазыңыздар!
#озунозуалаксатуу #озундусуйуу #озундусыйлоо #техника #фишка #нейрографика #онлайн #окуу #изденуу
15/04/2022
БҮГҮН АЛИППЕ МАЙРАМЫ!! УУЛУМ НУРИСЛАМ жаным омурун суудай узун, Ден соолугун бекем, өрүшүң кенен болсун. Турмуш жолун ар дайым ачык болуп бактылуу балалык каалайм😘😘😍
Click here to claim your Sponsored Listing.
Category
Contact the business
Telephone
Website
Address
Osh