dieta_kg
Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from dieta_kg, Health/Beauty, Istanbul.
19/07/2022
“Илим жана маданият” фонду уюштурган төрт жумалык “адал азык” сабагына катыштым. Бул сабакта тамак-аштар, косметика, жана витаминдер жөнүндө адистерден маалымат алдык. Мисалы сиздин оюңузча чач-тарачтагы кыргылган чачтар кайда кетет? Мунун тамак-ашка кандай тиешеси бар экенин билгениңизде мага окшоп “шок” болосуз 🥲
Мурда адал тамак түшүнүгү өлгөн малдын этин, чочконун этин жебөө жана спирт ичимдигин ичпөө сыяктуу чектелүү гана болчу. Азыркы учурда бул нерсенин чеги жок. Косметикадан баштап витамин, дары дармекке чейин уланат. 21-кылымда адал азык менен бир гана мусулмандар тамактанбайт, ар бир өзүнүн ден-соолугуна, келбетине кам көргөн адам адал азык менен азыктанат. Ошондуктан адал азык же болбосо адал тамактануу бул жашоо образы десек туура болот. Көп учурда “100 эко продукт”, “органик”, “кошулмасыз” деген жазууларды тамак-аштан эле эмес балдардын оюнчугунан да кезиктиребиз. Албетте натуралдуу азыктар кымбатыраак болот. Адал тамакты- жашоо образына айланып баратканы абдан жакшы көрүнүш. Учакта же бир иш чарада форум толтуруп жатсаңыз “мен вегатрианецмин” деген тандоо чыгат бул демек сиз үчүн атайын этсиз жана жаныбарлардан алынган эч кандай кошулмасыз (сүт, жумуртка, животный жир ж.б) тамактарды даярдап берет. Ошол эле учурда “мен адал тамак жеймин” тандоосун танласаңыз сизге адал стандарттарына ылайык даярдалган тамак-аштарды даярдашат. Талап кылуу менен тандоо түрүн түзө алабыз. 🦋
Биз менен бирге болуп ден-соолукка кам көрүңүз ✨✨✨
____________________________________
Дени сак жашоо образы 💫
#денисакжашоообразы
#пп
#тууратамактануу
05/01/2022
Биринчиси пп эмес, экинчиси пп; ) творог,крахмал,жумуртка, ванилин, разрыхлитель.
Яблок много не бывает) 🍎
16/06/2021
Организмде суунун чыкпай, кармалып турушунун негизги себептери сүрөттөгү азыктар. Туздуу тамактар, таттуулар, ашыкча өлчөмдө сүт азыктары, консервадагы тамактар, жарым фабрикаттар, дан азыктары, ак ун ж.б.у.с. Ошондой эле суунун жетишсиздиги бөлүп чыгаруу процессине тоскоолдук жаратат.
Биз менен бирге болуп ден-соолукка кам көрүңүз ✨✨✨
____________________________________
#денисакжашоообразы
#диетакаратай
#тууратамактануу
#тт
#учурдужаша
#позитив
16/06/2021
Суу- өмүрдүн булагы💧
Арыктоо үчүн жана шишиктер (отеки) пайда болбошу үчүн сууну кантип ичебиз.
🥤 Эртең менен ачкарын бир стакан (200мл) суу ичебиз. Бул учурда
🥤Сууну отуруп ичүү манилүү. Анткени отуруп ичкенде суу түз бөйрөккө жетип, бөлүп чыгаруу процесси оңой болот.
🥤 Муздак суу ичүү эмес бөлмө температурасындагы сууну ичүү керек. Анткени адамдын канынын температурасы 36-37°с. Эгер муздак суу ичсеңиз организм ал сууну жылытуу үчүн күч сарптайт. Бул учурда негизги функция аткарылбай калат. Ошондуктан бардык суусундуктар, тамактар муздак болбошу керек.
🥤Тамакка ичүүгө жарым саат калгандан суу ичсеңиз, көп тамак жеп алууну алдын алган болосуз.
🥤Сууну аз-аздан, бөлүп-бөлүп ичүү керек. Бир стакан сууну бир жутуп койгон болбойт, жок дегенде 3 кө бөлүп ичүү керек.
🥤Ар бир адамдын салмагынын массасына 30мл суу керек. Мисалы 68кг×30мл= 2040мл (2литр)
🥤 Суунун көп бөлүгүн күндүзү ичип түгөтүү керек. Кечки саат 6-7 кийинки суулар бөйрөккө күч келтирип, шишиктерди пайда кылат. Эртең менен көздөрүңүз, денеңиз шишиген абалынын себеби ушул.
Биз менен бирге болуп ден-соолукка кам көрүңүз ✨✨✨
____________________________________
Дени сак жашоо образы 💫
#денисакжашоообразы
#диетакаратай
#тууратамактануу
#тт
#учурдужаша
#позитив
16/06/2021
❗❗❗❗❗❗❗❗❗❗❗❗❗
Семирүүнүн негизи себептери🍩
____________________________________
Дени сак жашоо образы 💫
#денисакжашоообразы
#диетакаратай
#тууратамактануу
#тт
#учурдужаша
#позитив
16/06/2021
Сууну "жесе" дагы болот 😋
🌶️кызыл болгар таттуу калемпири
• Пияз
🥦 капуста
🥦 Брюссель карустасы
🥬 көк пияз
🥒 бадыраң
🥭 өрүк
• шилби
Булардан башка деле мөмө-жемиштерде суу бар дешиңер мүмкүн, ооба бирок бул азыктардын курамында фруктоза жок жана килокалорий дээрлик 0%. Ошондуктан канча жесеңиз дагы зыяны жок. 😍
Биз менен бирге болуп ден-соолукка кам көрүңүз ✨✨✨
____________________________________
Дени сак жашоо образы 💫
#денисакжашоообразы
#диетакаратай
#тууратамактануу
#тт
#учурдужаша
#позитив
16/06/2021
Классикалык окшош салаттардан тажадыңызбы? 🙂
Анда бул рецепт менен түстүү, витаминдүү салатты жасап көрүңүз. Азыктардын барын аралаштырсаңыз эле салат даяр!
🍓+🌰+🧀+🥬=🥗
Биз менен бирге болуп ден-соолукка кам көрүңүз ✨✨✨
____________________________________
Дени сак жашоо образы 💫
#денисакжашоообразы
#диетакаратай
#тууратамактануу
#тт
#учурдужаша
#позитив
16/06/2021
Корица- арыктоону каалагандар үчүн миңдин бири! Ал метоболизмдин иштөөсүн жакшыртып, денедеги ашыкча сууларды чыгарат. Ошондой эле татууга болгон табитиңизди басаңдатат. Диета учурунда арыктоо процессин тездетүүчү корица суусун ичүүнү сунуштайбыз.
Жасалышы опоңой 🥰
1 стакан кайнак сууга 1 корица таякчасын же майдаланган түрү болсо 1 чай кашык кошуп, табы кайткандан кийин ичүүгө даяр. Бул суусундукту күнүгө 1-1.5литр түгөтүүдө натыйжа берет. Табитиңизге жараша лимон, имбирь, бал кошуп алсаңыз да болот. Эң идеалдуусу түндө термоско демдеп, эртең менен ачкарын ичсе, тамакка болгон табитти азайтат. Денедеги шишиктерди, (отеки) кетирет жана майларды эритүүгө көмөктөшөт.
Эскертүү: бул суусундук өзү жалгыз эч кандай натыйжа бербейт, сөзсүз түрдө туура тамактануу керек.
Биз менен бирге болуп ден-соолукка кам көрүңүз ✨✨✨
____________________________________
Дени сак жашоо образы 💫
#денисакжашоообразы
#диетакаратай
#тууратамактануу
#тт
#учурдужаша
#позитив
16/06/2021
Бул азыктарды муздаткычта сактоого болбойт. Анткени табигый даамын жана сапатын жоготуп, эч кандай витаминдер сакталбайт. Бул азыктар муздак температурада бузулуп, тескерисинче ден-соолукка зыян берүү коркунучу бар.
Биз менен бирге болуп ден-соолукка кам көрүңүз ✨✨✨
____________________________________
Дени сак жашоо образы 💫
#денисакжашоообразы
#диетакаратай
#тууратамактануу
#тт
#учурдужаша
#позитив
16/06/2021
Унсуз, шекерсиз, майсыз тт сулу печенье (овсяное печенье)🍪
Керектүү азыктар:
🌾150гр сулу акшагы( узакка кайнатылуучу түрү), бат даярдалуучу түрү (для быстрого приготовления), геркулес, мюсли болбойт
🥜 100-150гр жер жаңгак (бадам, кешью, мисте бардыгы жарайт)
🍌 1 даана карарып бараткан банан( таттуу болот)
🍯1 чоң кашык бал
🥚 2 даана жумуртканын агы (белок).
👩🍳Жасалышы:
1. сулу акшагы менен бананды вилка мн эзип, аралаштырабыз.
2. Жаңгакты майдалап, кошобуз.
3. Өзүнчө идишке жумуртканын агын көбүк болгуча чаябыз.
4. Бал жана калган даяр болгон массаны аралаштырып, пергамент кагазына тизип чыгабыз.
5. Мурунтан ысытылган духовкада 170°с 30-40 мүнөт даяр болгуча бышырабыз.
🍪 Печенье даяр 🍪
1 даана тт сулу акшагы печеньеси болгону 60 ккал.
🍪☕
Биз менен бирге болуп ден-соолукка кам көрүңүз ✨✨✨
____________________________________
Дени сак жашоо образы 💫
#денисакжашоообразы
#диетакаратай
#тууратамактануу
#тт
#учурдужаша
#позитив
Click here to claim your Sponsored Listing.
Category
Website
Address
Istanbul